Аркага
4 Январь 2022

Бөлүм ичи кесиптик жана инсандык өнүгүү боюнча семинарлар уланууда


Бөлүмүбүздүн окутуучусу проф., док. Мехмет Ариф Өзербаш 2021-жылдын 31-декабрында саат 10:00дө бөлүм ичи кесиптик жана инсандык өнүгүү семинарларынын алкагында бөлүмдүн окутуучуларына жана студенттерине «Метакогнитивдик үйрөнүү жана көйгөйлөрдү чечүү көндүмдөрү» аттуу онлайн семинар өткөрдү.

Семинарда критикалык жана чыгармачыл ой жүгүртүүгө басым жасалып, көйгөйлөрдү чечүү көндүмдөрү боюнча маалымат берилди. Семинардын акыркы бөлүгү суроо-жооп түрүндө уюштурулуп, студенттердин тема боюнча суроолоруна жооптор берилди.