Аркага
25 Февраль 2022

"Жомок терапиясы жана анын колдонулушу" - Бөлүм ичи кесиптик жана инсандык өнүгүү боюнча семинарлар уланууда


2022-жылдын 24-февралында ILEF 518-дарсканасында Педагогикалык-психологиялык кеңеш жана көмөк программасынын студенттери үчүн “Жомок терапиясы жана аны колдонуу” семинары болуп өттү. Семинарда баяндама жасаган лектор Ага окутуучу. Докт. Кадиян Бообекова «Жомок терапиясы» түшүнүгүн түшүндүрүү менен бирге, жомоктун психодиагностикалык, психокоррекциялык, терапевттик, медитативдик өзгөчөлүктөрүн ачыктады. Жомокту терапия катары колдонууда, өз аң-сезимине сүңгүп кирүү, таануу, каармандар менен өзүн салыштыруу, баланы же угуучуну таануу, сөз байлыгы, фантазиясын өнүктүрүү, күзгү болуу, күч-кубат алуу, өзүн мотивациялоо сыяктуу өзгөчөлүктөргө ээ экендигин түшүндүрдү. Жомоктогу каармандар эмнени билдире аларын түшүндүрүп жатып, ар кандай курактагы адамдарга жомок терапиясынын пайдасын айтып берди. Андан соң, семинар практика менен уланып, акырында семинар студенттердин сын-пикирлери, бөлүшүүлөрү жана өз иштерин көрсөтүү менен аяктады.