Аркага
2 Декабрь 2021

“Манастын” жаш археологтору илимий конференцияга активдүү катышты


30-ноябрьда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу факультети тарабындан уюштурулган студенттердин илимий конференциясы болуп өттү. Конференцияда Доц. Др. Ороз Солтобаев жана Доц. Др. Темирлан Чаргынов жетектеген Кыргыз улуттук университетинин 4 студенти; Проф. Др. Кубатбек Табалдиев жана Проф. Др. Аныл Йылмаз жетектеген КТМУнун 7 студенти; Доц. Др. Аида Абдыканова жетектеген Борбордук Азия Америка университетинин 1 студенти доклад кылышты. Студенттер өз докладдарында Кыргызстанда, Түркияда жана Монголияда жүргүзүлгөн жана өздөрү активдүү катышкан археологиялык изилдөөлөр жана семинарлар тууралуу кабар беришти. Конференцияга эң көп доклад менен чыккан КТМУ студенттери төмөнкү темаларда баяндама жасашты: Мерве Чакмар – “Монголиядагы Уйгур курган казуусу”; Жанона Шамшиева – “Археологиялык текстилди сактоо маселелери”; Варлык Таш – “Смирна агорасындагы Осмон питостору”; Алина Беккубат кызы – “2021 Кызыл-Туу казуулары”; Бурак Күчүк – “Аянис чеби казуулары жана скиф издери”; Исламидин Нурдинов – “Алайдагы талаа изилдөөлөрү”; Ырысбек уулу Жакшылык – “Кокустан табылган таш балта”.

Борбордук Азия Америка университетинин студенти Токтосунова Ж. – “Ысык-Көлдө жаңы табылган байыркы түрк жазуусу”; Кыргыз улуттук университетинин студенттери – Баетова А., Мелисбекова Н., Нурланова Г. – “Нарындагы археологиялык практика: курган казуулары”; КУУ магистранты Рыскелдиев А. – “Кеч мезолит жана эрте неолит Сурүңкүр изилдөөлөрү” темаларында баяндама жасашты.

Ар бир доклад суроо-жооп жана дискуссия менен коштолуп, конференция кызыктуу жана жандуу өттү. Баяндамалар бүткөн соң студенттердин илимий жетекчилери өз сөздөрүндө жаш археологтордун ишине ийгилик жана чоң ачылыштарды каалап, сертификат тапшырды.

Конференциянын алкагында Кыргыз улуттук университетинин археологиялык-этнологиялык музейинде экскурсия жана фуршет уюштурулду.