Аркага
21 Ноябрь 2022

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 9 студенти "Кыргызстандын эң мыкты 100 студентинин" катарына кирди


КТМУнун 9 студенти  "Кыргызстандын эң мыкты 100  студентинин" катарына кирди

9-ноябрда Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында “Кыргызстандын эң мыкты 100 судентин” сыйлоо аземинде КТМУдан 9 студентти сыйлыкка татыды. Сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт  жана жаштар саясаты министрлигинин Жаштар саясатынын башкармалыгынын башчысы Таалайбек Бердиев, коомдук ишмер, меценат, Салымбеков университетинин негиздөөчүсү Аскар Салымбеков жана Салымбеков бизнес мектебинин жетекчиси Жакшылык Бекназаровдор студенттерге сыйлык тапшырышты.

Кыргызстандын эң мыкты студенттерин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Маданият, туризм жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен  “Керемет Холдинг” тарабынан уюштурулган “Кыргызстандын эң мыкты 100 студенти” сынагы  өткөрүлгөн.  Сынакка катышуу үчүн 3-31-август аралыгында студенттер талап кылынган документтерди жөнөтүшкөн. Сынакка Кыргызстандын 7 облусунан  500дөн ашык    студент катышкан.   Илим-билим, искусство, бизнес, активисттик чөйрө  жана спорт тармагында ийгиликтерге жетишкен таланттуу студенттер  жана түрдүү уюмдардын көптөгөн активисттери байгелер үчүн ат салышышкан.

КТМУнун коммуникация факультетинин окутуучусу доц. доктор Эрдоган Акман жана кенже илимий кызматкер Зеки Окяйдын жетекчилигинде сынакка катышкан 1-курстун студенттери Адина Матишова, Пазилет Алтынбек кызы жана Айзада Урматбек кызы аталган сынакта "Эң мыкты студент" деп табылган.

Сынакта жеңүүчү болгон студенттердин эмгектери “Кыргызстандын эң мыкты 100 студенти” аттуу китептин экинчи санында жарык көрдү. 2022-жылдын 9-ноябрында өткөрүлгөн сыйлык тапшыруу аземинде жеңүүчүлөргө китеп, атайын даярдалган «Мыкты студент» төш белгиси жана биринчи, экинчи жана үчүнчү даражадагы дипломдор  тапшырылды.

Эске салсак, 2021-жылы аталган кароо сынакта КТМУнун Төлөгөн Сабырбеков менен Элдияр Асилбеков аттуу студенттери мыкты студенттик сыйлыкка ээ болушкан.

                                                                                                                      Адина Матишова