Аркага
12 Декабрь 2022

«Манас» гезитинен кайрымдуулук


9-декабрь күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүнүн окутуучулары жана студенттери, аны менен катар “Манас” гезитинин жамааты кенже илимий кызматкер Зеки Окйяйдын жетекчилиги астында 3-декабрь Майыптардын эл аралык күнүнө карата “Оберег” реабилитациялык борборуна барышты. Иш-чара кайрымдуулук кылуу жана балдарга жагымдуу маанай тартуулоо максатында уюштурулду.

“Оберег”  реабилитациялык борборунун тарбиячысы студенттерди мекеме менен тааныштырып, балдардын жашоо-шарты жана аларга түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берди. Реабилитациялык борбордо 4 жаштан 50 жашка чейинки 50дөн ашуун майыптыгы бар адамдар тарбияланат.  Алар үчүн студенттер тарабынан чакан көңүл ачуучу программа уюштурулуп, атайын даярдалган белектер тартууланды.

Эске сала кетсек, “Манас” гезитинин курамы 2022-жылдын 29-апрелинде кайрымдуулук иш-чарасы менен Бишкектеги “Балдарды социалдык адаптациялоо борборуна” барып кайтышкан.

Кабар: Эсенбол Нурбек уулу, Айгерим Маматова