Аркага
26 Апрель 2022

Маариф билим берүү комплексинде иш-чара


2022-жылдын 20-апрелинде Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Табигый илимдер факультетинин Математика бөлүмүнүн окутуучулар жамааты Маариф билим берүү комплексинин окуучуларынын арасында уюштурулган “Табигый илимдер турмушубузда” аттуу көргөзмө-конкурска катышышты. Биздин жамаатты Маариф билим берүү комплексинин жетекчилкери орун басарлары Метин Кылыч, Акматов Кыялбек, Абылгазиев Кайрат, Самсалиев Адилет жана математика мугалими, университетибиздин Математика, Колдонмо математика жана информатика бөлүмдөрүнүн бүтүрүүчүсү Алмасбек кызы Бегимай жана практиканттарыбыз жылуу маанайда тосуп алып, окуу жай менен кенен тааныштырышты. Математика бөлүмүнүн магистранттары тарабынан окуучулардын арасында математикалык викторина өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар тапшырылды.

Белгилей кетсек, Маариф билим берүү комплекси менен университетибиздин ортосундагы келишимдин негизинде Математика бөлүмүнүн 4-курсунун студенттери учурда педагогикалык практикадан өтүп жатышат.