Аркага
23 Март 2020

RES-310 Sanat Eserleri Analizi


Оскар Клод Моне (фр. Oscar-Claude Monet; 14.11.1840, Париж  — 05.12.1926, Живерни) — француз сүрөтчүсү, имперссионизм агымынын негиздөөчүлөрүнүн бири.

Сейилдөө. Кол чатырчан айым.

 

 

Клод Моне

1875

 

кендир, май боёк. 100 × 81 см

Өнөрлөрдүн улуттук галереясы, Вашингтон

 

         «Сейилдөө. Кол чатырчан айым» (фр. La Promenade) - бул чыгарма Клод Моненин аткаруусунда 1875 жылы жаралган. Анын экинчи аталышы “Камилла Моне уулу Жан менен”. Бул сүрөтчүнүн 1870 жылдардагы чоң чыгармасы, азыркы учурда Өнөрлөрдүн улуттук галереясында сакталган (Вашингтондо). Картинада сүрөтчүнүн аялы Камила уулу Жан менен 1871-1877 жылдардагы жай мезгилиндеги желдүү күндөрдүн биринде, Монелердин үй-бүлөсү Аржантёеде жашап турушканда  көрсөтүлгөн. Моне айымдын ак көйнөгү жана шляпасынын чүмбөтү (вуаль) желден желбиреп турганы,  ылдыйкы ракурстан  булут менен көк асмандын фонунда чагылдырылган. Камила сүрөттүн борбор бөлүгүнүн оң жагына жылып турат. Сүрөттөгү  композициялык тең салмактуулук  анын колундагы кол чатыр аркылуу кармалып турат. Көрүүчүнү көздөй карашы жана денесинин турушу убактылуу болгону, чыгармага импрессионисттерге таандык кыймыл берип турат.  Анын жети жашар уулу да көрүүчүнү адырдын ары жагынан карай турушу сүрөттөгү тереңдикти көрсөтөт. 1870-жылдардагы Моненин чыгармаларынан бул сүрөттүн өзгөчө болушу,  горизонттун ылдый алынышы жана аялды асмандын фонунда жайгаштырылып ага монументалдуулук берүүсүндө.

“Сейилдөө” бул Моненин Аржантёедеги бакчаларды жай мезгилинде чагылдырган картиналарынын бири. Үй-бүлөсүнүн күнүмдүк жашоосунун бир бөлүгүн көрсөтүү портреттик жанрга караганда жанрдык (турмушту чагылдыруу) живописке көбүрөк окшойт. Ал натурадан пленэрде бир сеанста тартылган. Живописчинин чыгармачылыгындагы ушул учуру сүрөтчүнүн персонаждарга кызыгуусу менен түшүндүрүлөт. Бул убакта сүрөтчүнүн картиналарында жаратылыш персонаждарга баш иет. Ал эми алгачкы чыгармаларында тескеринче жаратылыштын басымдуулук болушу таандык. Ошого карабастан түш оогон маалын көрсөтүү сүрөтүчүнүн башкы максаттарынын бири, аны ал өңдөрдүн композициялык түзүлүшү менен жана кистинин эркин издери менен аткарган.

Картина «La Promenade» деген аталышы менен Моненин он сегиз чыгармасы менен чогу, Поль Дюран-Рюэльдин галереясында 1876-жылдын апрелинде импрессионисттердин экинчи көргөзмөсүндө көрсөтүлгөн. “Сейилдөөгө” сынчылар тарабынан жакшы баа берилсе да, ал көп байкалбай кала берген. Он жыл өткөн соң Моне бул сюжетке кайрадан кайрылып, окшош картинаны жаратат. Анда ал өзүнүн экинчи аялы Сюзанна Моненин кызын кол чатырчан Живеринин жайытында (луг) тарткан. Бүгүнкү күндө ал Орседе сакталат. Джон Сингер Сарджент 1876 – жылы көргөзмөдө “Сейилдөөнү” көргөндөн кийин 1886-жылы “Фладберидеги кол чатырчан эки айымды” тарткан. 

      1876 – жылдын ноябрында Моне чыгармасын румын гомеопат – доктуру жана живопистин коллеционери Жорж де Беллиого саткан. Ал көз жумгандан кийин “Сейилдөө” мурас катары күйөө баласы Эрнест Донопу де Моншиге жана анын кызы Викторинге өтөт. Алардын колунда 1897 – жылга чейин болот. 1924 – жылы картина шоколатье - өнөр жай ээси Жорж Меньенин менчиги болот. 1965 – жылы картина америкалык филантроп Пол Меллон катары сатылып алынган. 1983 – жылы ал Өнөрлөрдүн улуттук галереясына белек катары өткөрүп берген.