Аркага
15 Ноябрь 2021

Түрк тил майрамынын 89 жылдыгына карата панель


Гуманитардык факультеттин Түркология бөлүмү тарабынан 2021-жылдын 28-сентябрында “Касым Тыныстанов” конференциялар залында 16:00дөн 17:00гө чейин Түрк тил майрамынын 89 жылдыгына карата панель уюштурулду. Панелди модератор катары Түркология бөлүмүнүн окутуучусу PhD, доц. м.а. Осман Арыжан алып барды.

Иш-чараны Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Гуманитардык факультетинин деканы Проф. Др. Ахмет Беше өзүнүн ачылыш сөзү менен баштап берди.

Панелдин алкагында

PhD, доц.м.а. Халит Ашлар “Түрк тил уюму жана Түрк тил майрамынын тарыхы” деген аталыштагы;

 PhD, доц.м.а. Осман Арыжан “Басма сөздө тилдин колдонулушу” деген аталыштагы;

PhD, доц.м.а. Нурдин Усеев “Манас” эпосунда Түрк жазма тили” деген аталыштагы;

PhD, окутуучу Гөкжан Челик “Социалдык тармактарда түркчөнүн колдонулушу” деген аталыштагы баяндамаларын окушту.