Тарыхыбыз

Кыргызстандын жалпы аянты 199.900 km2 түзөт жана бул аянттын 86 % тоолор ээлейт. Кыргызстанда табият жана климаттык шарттары, жерлери, топурак жана суу ресурстары, биоартүрдүү өсүмдүктөрү, тоолу аймактардагы берекелүү жайлоо жана жайыттар мал чарбачылыгын кеңири таркалган жана алектенген бир сектор катарына киргизмекчи. Тарыхый мезгилде болгонундай эле, бүгүнкү күндө мал чарбачылык  Кыргызстандын коомдук, маданий жана экономикалык жашоосунда чечүүчү баскычта ордун таап келет.  

Борбор Азияда мал чарбачылыгы мүмкүнчүлүгү эң жогорку болгон Кыргызстанда Кыргыз Түрк “Манас” университети (КТМУ) Ветеринария факультети Университеттин камкорчулар кеңешинин   23.10.2007 күн жана 2007-03 номерлүү жыйынында курулууга  чечим кабыл алынып, университетибиздин кеңешинин  1 05.02.2008 күн жана 2008-3.24 номерлүү жыйынында курулушу ишке ашырылан. КТМУ ветеринария факультети алгачкы студенттери 2008-2009 окуу жылында кабыл алган. Ветеринария факультетибиз алгач билим берүүсүн 2009-2010 окуу жылында 22 студент менен КТМУ Чынгыз Айтматов Кампусунда Коммуникация факультетинин 5-чи кабатында 3 кабинет жана 2 дарсканада баштаган.  Факультетибиздин биринчи “Халат кийгизүү аземи”  2009-жылдын 16 – ноябрда ушул эле имараттын дарсканасында ишке ашырылган. Ветеринария факультети 2011 жылдын январь айында  болжол менен 950 m2 аянттан турган  убактылуу имаратка (Технология борбору) жайгашып билим берүүсүн уланткан. Ветеринария факультетинин жаңы имаратынын куруу үчүн 2011-жылдын 21 декабрь айында тендер ишке ашырылып 2016 – 2017 окуу жылында бүтүрүлүүсү пландалды. Ал эми  2013-жылы  факультеттин Илим-изилдөө окутуу борборунун ачылышы менен  аймакка клиникалык кызмат берүүсү башталган.

Ветеринария факультетинин жалпы жамаатынын толкундануу менен күткөн күн да келип факультетибиздин жаңы имараты 2017 – жылы курулуусу аяктап, ошол эле жылдынноябрь айында колдонууга берилди. Болжол менен 14 500 m2 жабык аянтка ээ болгон жаңы имаратыбызда заманбап дарсканалар, текшерүү жана операциялык блоктор, диагноз жана даарылоо үчун керектүү болгон күчтүү инфраструктурасы менен студенттерибиздин билим берүү сапатын жогурулатып жана ошондой эле аймакка дагы да мыкты кызматтарды сунуштап келет.

Алгачкы студенттерин 2008-2009 окуу жылында кабыл алган факультетибиз даярдоо курсунан сырткары  5 жылдык билим берип  биринчи бүтүрүүчүлөрүн  2013-2014 окуу жылынын аягында уядан учурда. Бүгүнкү күнгө чейин факультетибиз жалпы 64 бүтүрүүчү чыгарып, бул студенттерибиз Кыргызстан, Түркия, Япония, Россия, Германия, Канада сыяктуу өлкөлөрдө эмгектенип келишет.